Abank
SerepTV Logo

"Денесинде тактар болгон эмес". СИЗО-1деги адам өлүмүнүн чоо-жайы

"Денесинде тактар болгон эмес". СИЗО-1деги адам өлүмүнүн чоо-жайы
Буга чейин Бишкектеги СИЗО-1де эркек киши каза болгону маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-sizo-1de-erkek-kishi-kaza-boldu/">маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАКтан каза болгон жаран тууралуу маалымат беришти. Кечээ, 28-августта саат 05:40 чамасында режимдик корпусунун камерасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда камерадагылар эс-учун жоготкон абалда 1987-жылы туулган жаранды аныкташкан. Ал мурда соттолгон Чүй облусунда туулуп, Бишкек шаарында жашаган жаран болгон.  Ал 26-августта Чүйдөгү №26-колониядан сот тарабынан аныкталган 9 айдан ашык мөөнөткө жаза өтөбөй качып кетүү фактысы боюнча СИЗО-1ге киргизилген. Нөөмөткө чакырылган фельдшер биринчи жардам көрсөткөн, бирок натыйжа берген эмес. Тез жардам кызматы саат 06:26да келип, анын каза болгонун каттаган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Денесинде криминалдык тактар байкалган эмес. Так диагнозду аныктоо үчүн 30 күндөн ашпаган убакыт керек. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.