Abank
SerepTV Logo

“Ден соолугуна зыян келген эмес”. Бостериде парашют менен аттракционго илинип калгандар түшүрүлдү

“Ден соолугуна зыян келген эмес”. Бостериде парашют менен аттракционго илинип калгандар түшүрүлдү
Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдүн Бостери айылында тартылган видео менен бөлүшүп, парашют менен учуп бараткан жигит аттракционго илинип калганын жазып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча маалымат берип, бир эмес эки жигит илинип калганын билдирди. “Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы пансионаттардын бириндеги каруселге 2009-жылы туулган жана учурда аты-жөнү такталып жаткан жаран парашют менен илинип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн. Аталган жарандардын ден соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу”,- дешти.