Royal
SerepTV Logo

Декабрь айында Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун жакындарын издейт

Декабрь айында Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун жакындарын издейт
2021-жылдын 9-декабрында Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйдүн жанынан аялдын жансыз денеси табылган. Болжолдуу 40-45 жаштарда болгон жана криминалдык тактар байкалган эмес. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Чачы кыска жана кара. Өзгөчө белгилери: сол бетинде калы бар. Кийген кийими: кара куртка, кара-көк толстовка, кызгылт футболка, кара шым, боз байпак, кара бут кийим. Аялдын аты Жылдыз болушу мүмкүн. Сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, 0 (312) 352-605, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 номурларына кайрылсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="122314,122315,122316,122317"]