Abank
SerepTV Logo

Колу кайрылган баланын таенеси: "Дарыгерлер "баладан баш тартпайсыңарбы?" дешкен"

Колу кайрылган баланын таенеси: "Дарыгерлер "баладан баш тартпайсыңарбы?" дешкен"
Уларбек Токтобеков Нарын облусуна караштуу Дөбөлү айылынын жашоочусу, 8-класста окуйт. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай үй оокаттарында таенесине кол кабыш кылып, мектепте алдыңкы окуучулардын катарында окуйт. "Уларбек ооруканага жетпей үйдө төрөлгөн. Төрөлгөн күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген экенин билген жокпуз. Эртеси дарыгерлер айтты. Баш тарткандар болот экен, дарыгерлер "баладан баш тартпайсыңарбы?" дешкен, биз өзүбүз багабыз дедик. Өсүп-чоңоюп жатат. Мен неберемди 9 айынан баштап өз колума алдым. Ушул күнгө чейин жанымда. 2010-жылы атасы каза болуп калды. Мектепке кирди. Классташтары да басынтышкан жок, аябай жардам беришти. Окуусун окуп, сүрөт тартып жүрдү", - деди ал.