“Дагы жакшы үстүнө катуу нерсе ыргытышкан эмес”. Дарыгер таштандыга ташталган ымыркай боюнча айтып берди
Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-tashtandy-chelekten-jany-torolgon-ymyrkai-tabylgany-maalymdaldy/">табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маалымат беришип, 8-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына саат 23:30 чамасында чалуу түшкөнүн, Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекте ымыркай жаткандыгы айтылганын билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-tashtandy-chelekten-tabylgan-ymyrkai-milicziya-maalymat-berdi/">билдиришкен.
Бишкектеги 1-төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары редакцияга баланын абалы тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, ташталган ымыркай эркек бала. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын дене табы 37 градус болушу керек болсо, аныкы 28 градус менен төрөтканага жеткирилген. “Денесинде эч жаракат жок. Дагы жакшы үстүнө катуу нерсе ыргытышкан эмес. Бирок балким башы катуу тийип калгандыр. Алар текшерилет. Биз анын абалы жакшы болгондо 3-балдар ооруканасына которобуз, калганы социалдык кызматкерлердин иши болот. Бала азиат түспөлүндө, ай-күнүнө жетип төрөлгөн”, - деди ал.