Royal
SerepTV Logo

"Дагы 2 көчө бир тараптуу болот". Бишкектеги кайсы көчөлөр бир тараптуу болду?

"Дагы 2 көчө бир тараптуу болот". Бишкектеги кайсы көчөлөр бир тараптуу болду?
Бишкек мэриясы шаардагы бир тараптуу кыймыл схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. 13-январдан тартып Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот. Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда. Төмөнкү көчөлөр бир тараптуу болот: - Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө); - Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө); - Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө); - Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө); 13-январдан баштап бир тараптуу болот: - Раззаков көчөсүндөгү жолдун Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө); - Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө). Дагы 2 көчөнүн тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат: - Акиев көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө); - Тыныстанов көчөсүндөгү жолдун Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө). Эки тараптуу кыймыл уюштурулат: - Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү; - Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.