Abank
SerepTV Logo

Дача-СУдагы учак кырсыгын иликтөө боюнча комиссия ишин аяктады

Дача-СУдагы учак кырсыгын иликтөө боюнча комиссия ишин аяктады
Дача-СУдагы учак кырсыгын иликтөө боюнча комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу журналисттерге комиссиянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, келерки аптада президентке жана парламентке отчет жөнөтөт. Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Стамбулга каттамын аткарып келе жаткан Boeing 747 транспорттук жана жүк ташуучу учагы кулап, Кыргызстандын 35 жараны жана 4 экипаж мүчөсү - Түркиянын жараны каза болгон. Беш жылдан кийин мамлекет башчысы Садыр Жапаров авиакырсыктын себептерин жана шарттарын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзгөн.