Abank
SerepTV Logo

Чыңгыз Айдарбеков: "Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып барам"

Чыңгыз Айдарбеков: "Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып барам"
Депутат Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бир нече күн байланышта болбогонунун себебин түшүндүрдү. "Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып барам",- деп жазды ал. 27-ноябрга караган түнү депутаттар Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалганы айтылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukmk-tarabynan-karmalgany-aitylgan-deputat-emil-jamgyrchievdin-boshotulgany-maalym-boldu/">айтылган. Алардын УКМКга жеткирилгени маалымдалган. Кийинчерээк Жамгырчиевдин бошотулганы маалымдалган. Ал эми 28-ноябрда УКМК анын кармалганын жана суракка алынганын четке" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukmk-chyngyz-aidarbekovdun-karmalganyn-chetke-kakty/">четке какты. Фракция лидери Жанар Акаев Айдарбековдун саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албарын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/janar-akaev-chyngyz-aidarbekov-salamattygyna-bailanyshtuu-jyiyndarga-ubaktyluu-katysha-albait/"> жазган.