Royal
SerepTV Logo

"Чүйдөн Ошко. Оштон Жалал-Абадга". Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду

"Чүйдөн Ошко. Оштон Жалал-Абадга". Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду
Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты:
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды.
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Улан Айтбаев дайындалды, ал буга чейин КИББнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.
  • Ушул эле буйруктун негизинде, Ош ШИИБнын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
  • Ал эми Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков Чүй ОИИББнын башчысы кызматынан бошотулуп Ош ШИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
  • Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБнын башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.