Abank
SerepTV Logo

Чүйдөн Бишкекке кеткен 33 жаштагы жаран дайынсыз болуп жатат

Чүйдөн Бишкекке кеткен 33 жаштагы жаран дайынсыз болуп жатат
Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кубанчкул уулу Талант изделип жатат. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 31-июлда милицияга жаран кайрылып, анын агасы 1990-жылы туулган Кубанчкул уулу Талант 26-июлда Ысык-Ата районундагы Советское айылында жайгашкан үйдөн Бишкекке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Учурда анын жүргөн жери белгисиз болуп жатат. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 85-58-12, 0 (704) 103-102 номурларына чалсаңар болот.