Abank
SerepTV Logo

Чүйдөгү Аламүдүн суусуна агып кеткен эне-бала боюнча милиция маалымат берди

Чүйдөгү Аламүдүн суусуна агып кеткен эне-бала боюнча милиция маалымат берди
18-июль күнү саат 15:30 чамасында Аламүдүн капчыгайында 1996-жылы туулган келин жана 2022-жылы туулган кызы Аламүдүн суусуна түшүп кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Аталган окуя Аламүдүн РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. 18-июль күнү саат 18:30 чамасында ӨКМ кызматкерлери келиндин жансыз денесин табышкан. Учурда ӨКМ кызматкерлери жана милициянын өздүк курамы жана Кой-Таш айылынын тургундары менен биргеликте 2022-жылы туулган наристени издеп жатышат.