Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 17 жаштагы кыз бир айдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 17 жаштагы кыз бир айдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 2006-жылы туулган Хорунжий Карина Алексеевна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 22-сентябрда Новопокровка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Учурда ал милиция тарабынан изделип жатат. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312 61 69 07, 0708 45 78 46, 0505 76 88 76 номурларына чалсаңар болот.