Abank
SerepTV Logo

Чүйдө түн ичинде көчөдө жүргөн 122 өспүрүм аныкталган. Алардын төртөө мурда изделип жаткан

Чүйдө түн ичинде көчөдө жүргөн 122 өспүрүм аныкталган. Алардын төртөө мурда изделип жаткан
Чүй облусунун аймагында балдар арасындагы укук бузуулардын жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 15-16-декабрь күндөрү кечки саат 20:00дөн түнкү 03:00гө чейин “Өспүрүм-түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Эки күндүк рейддин жүрүшүндө облустун аймагындагы эс алуучу жайлар, интернет клубдар, спорттук аянтчалар текшерүүгө алынып, ата-энелердин коштоосусуз жүргөн 122 жашы жете элек өспүрүм аныкталса, дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм табылып ата-энесине кайтарылган. Бул иш-чаранын алкагында 16 баланын ата-энесине мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлгөн. Милиция кызматкерлери балдардын ата-энелерин чакыртып тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, андан соң балдарын өткөрүп беришти. Мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүрүүсүнө чектөөлөр каралган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="219612,219613,219614,219615"]