Abank
SerepTV Logo

Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди

Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди

Чүй облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн 4 эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери төрөт үйүнө барышып, ымыркайлардан кабар алып, алардын ата-энесин ымыркайлардын төрөлүшү менен куттуктап, белектерин беришти. Дароо “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга документтер толтурулган.

10-февралда Кыргызстанда төрт эм" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/chyido-29-jashtagy-kelin-4-emdi-jarykka-alyp-keldi/"> төрөлгөн. Аларга Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди. Азыркы күндө ымыркайлардын энесинин жана ымыркайлардын абалы жакшы.