Чүйдө өзүн атып алды делген чек арачынын эжеси: "Иним дале жандандыруу бөлүмүндө"
УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, 21-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган жаран башына ок тийип жаракат алганын, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгонун билдиришкен." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/komada-jatat-kuralga-etiyatsyz-mamile-kyluunun-kesepetinen-chek-arachy-bashynan-jarakat-aldy/">билдиришкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 24-октябрда дал ошол чек арачынын карындашы кайрылып, чындык, акыйкаттык издеп жатканын айтышкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/chyido-ozyn-atyp-aldy-delgen-chek-arachynyn-karyndashy-agam-oz-aldyncha-dem-ala-bashtady-biz-chyndykty-bilishibiz-kerek/">айтышкан. Редакция 25-октябрда эжеси менен байланышып, инисинин абалы тууралуу маалымат алганбыз. Эжеси инисине бир күндөн кийин операция жасаларын айткан. Бүгүн, 28-октябрда эжеси инисине операция ийгиликтүү өткөнүн айтты. "Операция жасалды. Иним дагы эле жандандыруу бөлүмүндө. Бир аздан кыймылга келе баштады. Көзүн жакшы ача албай атат. Өзүнө келиш үчүн убакыт керек дешти", - деди ал.