Abank
SerepTV Logo

Чүйдө көк бөрүдөн кийин улакчынын жансыз денеси табылды

Чүйдө көк бөрүдөн кийин улакчынын жансыз денеси табылды
3-декабрда Жайыл РИИБге жергиликтүү жашоочулардан Жайыл районунун Орто-Суу айылындагы арыкта эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу ал адам Жайыл районунун Айдарбек айылынын 1987-жылы туулган тургуну экени аныкталган. "Суралган туугандарынын айтымында, ал 2-декабрь күнү Орто-Суу айылындагы өткөн тойдун көк бөрү оюнуна катышкан. Өткөрүлгөн оюнда жүргөн адамдар анын мас абалында болгонун айтышкан", - деп жазылат милициянын маалыматында. Өлүмдүн эмне себептен келип чыгуусун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жарандын жансыз денеси Жайыл районунунун соттук-медициналык бөлүмүнүн эксперттерине жөнөтүлдү.