Royal
SerepTV Logo

Чүйдө жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз табылды

Чүйдө жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз табылды

Аламүдүндө изделип жаткан Илана Ковшакова табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Малыматка караганда, 7-декабрда милицияга анын туугандары кайрылып, 2008-жылы туулган Илана Ковшакова 29-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Кечээ, 14-декабрда милиция кызматкерлери кызды Жайыл районундагы Алтын айылынан табышкан.