Royal
SerepTV Logo

Чүйдө байланган абалда табылган окуучу кыздын апасы окуя тууралуу айтып берди

Чүйдө байланган абалда табылган окуучу кыздын апасы окуя тууралуу айтып берди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева көчөдө колу байланган абалда табылган 7-класстын окуучусунун ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабыркаган кызга жолугуп келишкен. Кыздын апасы институттун кызматкерлерине окуя тууралуу айтып берген.

Кыздын апасынын айтымында, колу-буту байланып, ич кийими чечилген абалдагы кызын кошуналары табышкан. Кошуна аял көчөдө бети менен жер карап, колу-буту байланып жаткан кызды көргөн. Кыздын оозуна чүпүрөк тыгылган. Улгайган аял кыздын оозундагы чүпүрөктү алган. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакыртышкан. Кыздын апасы билдиргендей, кызы үйүнөн таштанды төгүп келгени чыгып, жолдо турган жигиттерди көргөн. Кыз алардан ага чейин апасы издеп келүүгө чыккан байкесин көрдүңөрбү деп сураган. Жигиттер анын агасын көрбөгөнүн айтышкан. Кыз бурулуп кетип бара жаткан учурда кимдир бирөө аны башка чапкан. Кыз эсин жоготкон. Оозуна тыгылган чүпүрөктү алган кезде гана эсине келген.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылып, кыздын укуктарын коргоону жана күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоокерчилигине тартууга чакырды.

«Кызга моралдык жана психологиялык көмөк керек. Жабырлануучунун апасы акыйкатчыга кызынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылды. Акыйкатчы бул арыздын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга кыздын укуктарын коргоо талабы менен кайрылуу жөнөттү. Акыйкатчы укук коргоо органдарын жана прокуратура органдарын баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.