Abank
SerepTV Logo

Чүйдө 54 жаштагы киши майдан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 54 жаштагы киши майдан бери дайынсыз болууда
Чүйдө милиция кызматкерлери тарабынан 1968-жылы туулган Мамбеталиев Арстанбек Зарлыкович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 13-майда Сокулук айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык, чачы кара, көзү күрөң, сол колунда татуировкасы бар. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номурларына чалыңыздар.