Чүйдө 15 жаштагы кыз 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат
Чүйдө 2008-жылы туулган Липянская Вера Александровна дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата РИИБге "Гүлзар балалык борборунун" жетекчиси кайрылып, анын тарбиялануучусу 25-декабрда саат 11:30да аталган борбордон чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312616907, 0313252147, 0709502955,0505768876 номурларына чалсаңыздар болот.