Abank
SerepTV Logo

Чүйдө 15 жана 9 жаштагы бир тууган кыздар дайынсыз болууда

Чүйдө 15 жана 9 жаштагы бир тууган кыздар дайынсыз болууда
Чүйдө бир тууган кыздар изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 2-сентябрда Кемин РИИБге 1986-жылы туулган жаран кайрылып, 2007-жылы туулган Алтынай жана 2013-жылы туулган Айсулуу аттуу кыздары дайынсыз болуп жатканын айткан. Кыздар 31-августта саат 07:40 чамасында Кеминдеги Кароол-Дөбө айылындагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып барышкан эмес. Алтынайдын бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара. Кара футболка, жынсы костюм, кара шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн. Айсулуунун бою 125-130 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара. Ак рубашка, жынсы костюм, кызгылт шым, кара спорттук бут кийим кийип кеткен.