Abank
SerepTV Logo

Чүйдө 12 жаштагы Кутман Тулемышев 9 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 12 жаштагы Кутман Тулемышев 9 күндөн бери дайынсыз болуп жатат
Чүйдө 12 жаштагы Кутман Тулемышев изделүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Мектеп окуучусу 19-сентябрда Ысык-Ата районундагы Текстильщик айылында жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 155-160 сантиметр. Жеңи кыска ак көйнөк, кара шым кийип жүргөн. Сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат болсо, 0555230490, 0755074720 номурларына чалсаңар болот.