Abank
SerepTV Logo

Чүйдө 12 жаштагы Айсезим Арзыматова изделип жатат. Андан 1 жумадан бери кабар жок

Чүйдө 12 жаштагы Айсезим Арзыматова изделип жатат. Андан 1 жумадан бери кабар жок
Сокулук районунун ички иштер бөлүмү 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Ал 21-ноябрь күнү саат 13:00дөр чамасында Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, көзү кара, чачы каре. Кийген кийими: футболка, жынсы шым, кара спорттук бут кийим. Милиция кызды көргөн же анын жүргөн жерин билгендерди төмөнкү телефондор аркылуу байланышууну өтүнөт: 0 (312) 60-75-67, 0 (3134) 5-33-80, 0 (558) 86-14-86.