Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти
Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы, Кой-Таш окуясынан жапа чеккен генерал-майор Самат Курманкулов Москва шаарындагы калыбына келтирүү борборуна дарыланганы кетти. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.
"Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, бат сакайып кетсин", - деп жазды ал.
2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада комага түшүп, ага 2 жолу операция жасалган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="159699,159700,159701,159702,159703"]