Чүй дарыясындагы балыктардын өлүп жатышы. Суунун курамында уулуу элементтер аныкталган эмес
16-майда Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jebei-turgula-chyi-daryyasyndagy-balyktardyn-olyp-jatkany-boyuncha-ministrlik-yn-katty/">байланыштуу Айыл чарба министрлигинин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеринде балыктын патологиялык материалдары жана суунун үлгүлөрү алынган.
Жыйынтыгында бүгүнкү күндө текшерилген балыктардан мышьяк, нитрат, нитрит сыяктуу уулуу заттар, паразитологиялык ооруулар аныкталган эмес. Суунун курамын текшергенде эч кандай уулуу элементтер аныкталган эмес.