Чубак ажы Жалилов атындагы Көк-Жаңгактагы ички жолдун ачылыш аземи өттү
Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын ички жолдорунун бирине асфальт төшөлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Жолдун ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Көк-Жаңгак шаарынын мэри баштаган кызматкерлер жана шаар тургундары катышты.
Республикалык бюджеттен 2200 метр жолго 10 миллион сомго жакын акча каражаты каралып, учурда 950 метри бүткөрүлдү.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="216977,216978,216976,216979,216981,216975,216980"]