Abank
SerepTV Logo

"Чөп ташыйлы десек, унаа барбайт". Нарында жааган кардан койлор өлүп жатканы маалымдалды

"Чөп ташыйлы десек, унаа барбайт". Нарында жааган кардан койлор өлүп жатканы маалымдалды
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарындын тургуну кайрылып, Ат-Башыда кар жаап, сууктан жана жуттан койлор өлүп жатканын айтты. "Койлорду кыркып, 1-майга калтырбай, жайлоого жибергенбиз. 2-майдан бери кар жаап жатат. Малчылар менен байланыша албай, эл колдон келишинче чөп жеткирүүдө. Жайлоого унаа да жетпей, жолго чыккандар түнү кайра келишти", - деди тургун.
ӨКМ маалымат таратып, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын тургуну менен уюлдук телефон аркылуу байланышканда Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калгандыгы жөнүндө билдиргенин жазышты. "Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы–акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды. Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайтышкан. Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында, ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган. Белгилей кетсек, боло турган кырдаал тууралуу алдын ала мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына шашылыш билдирүү берилип, эскертүүлөр берилген", - дешти.