"Чоңойгондо ата-энемди ажылыкка алып барам" дейт шымына “коё берип” таанылган 4 жаштагы Ариман
Бул ирет биз интернетте “Шаурма бериңизчи”, “Долларым бар” деген жүрөк элжиреткен видеолору менен көпчүлүктүн көзүнө илинип жаткан 4 жаштагы Ариман Кожалиев менен тааныштырабыз. Ал бул видеодо алып баруучуну зээндүүлүгү, тапкычтыгы менен бирде күлдүрүп, бирде таң калтырып жатты.
"Мен чоңойгондо апамды багам. Атам менен атамды ажылыкка алып барам", - деди ал.
Ариман менен бирге видео тартып жүргөн Нурболот Мырзабеков акыркы 1 айда жарнамалар көбөйгөнүн айтты. "Мен видеону тарттым, киргиздим. Эртеси турсам 1 миллион кароо болуптур. Мен Аримандын кайда жашарын да билчү эмесмин. 2-3 күндө кайра келди. Кадимкидей сүйүндүм. Анан Ариман ооруп калды. Мен көз тийдиби деп ойлодум. 1 жумадан кийин айыгып, апасы тартууга уруксат берди", - деди ал.