Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан 2 өспүрүмдү сактап калган жигитке медаль тапшырылды
Ушул жылдын май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого медаль тапшырылды.
Ал 22-май күнү Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан болжол менен 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган. Бүгүн Даниилдин эр жүрөктүүлүк менен жасаган эрдиги бааланып, министрликтин жогорку мактоосуна татыды.
Ал эми ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жаштарга жана келечек муундарга үлгү боло турган өмүр сакчысына ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.