Abank
SerepTV Logo

Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун катышуусунда сейил бак ачылды

Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун катышуусунда сейил бак ачылды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-майда Чолпон-Ата шаарында анын тапшырмасы менен курулган жаңы сейил бакты ачты. Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта №2 мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген. Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Сейил бак Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берилди. Президент өз сөзүндө бул парк шаар тургундары жана туристтер үчүн фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды жыл бою өткөрө турган жагымдуу жайга айланат деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров парк жарым жылдай убакыттын ичинде курулганын жана бул долбоор курулушка туура мамиле кылуу менен мындай объектилерди ачууга болорун дагы бир жолу далилдеп жатканын баса белгиледи. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="183806,183807,183808,183809,183810,183811,183812,183813"]