Чолпон-Атада 2 адамдын өмүрүн алган эс алуу. Суудагы кырсыктын жаңы жагдайлары
Чолпон-Атада эки адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришти.
"23-июль күнү Ысык-Көл РИИБге Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп, бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткырылганы боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү Ысык-Көл РИИБге катталып, аталган аймактык ооруканага ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.