Abank
SerepTV Logo

Чиркин, бирин калтырбай алгың келет! Шырдактардын мыктысы тандалды

Чиркин, бирин калтырбай алгың келет! Шырдактардын мыктысы тандалды
28-июнда өткөн «Кырг­ыз шырдагы» эл ара­лык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
"Мурас шырдагы" номина­циясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калы­ковага ыйгарылды. Ал кайын энеси 1933-жылы жасаган шырдакты 90 жылдан бери сакта­гандыгы үчүн 30 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми "Инновациялык шырдак" номинациясын­а Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенкано­ванын чакмак шы­рдагы татыктуу деп табылып, 40 миң сом ыйгарылды. "Мыкты шырдак" деп Кочкор ра­йонунан келген уз Сайкал Ниязованын шырдагы бааланып, 50 миң сом байге алды. Мындан тышкары "Мыкты ала кийиз" номинация­сында Талас облусу­нан келген уз Кымбат Байматованын кол эм­геги жеңүүчү деп табылып 12 миң сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы. Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөрг­ө 1000 сомдон 10 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты Маданият министрлиги каржылады. Мындан сырткары Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187581,187577,187578,187573,187579,187580,187586,187576,187583,187574,187585,187572,187575,187584,187582"]