Abank
SerepTV Logo

Чек арага чектеш айылдарда курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү Жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет

Чек арага чектеш айылдарда курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү Жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына барды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Иш сапардын алкагында облус башчысы аталган айыл аймактагы калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алды. Тагыраагы курулушу жүрүп жаткан үйлөрдү көрүп чыкты. Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="153455,153458,153457,153456,153459"]