Abank
SerepTV Logo

Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 55 кишиге жетти

Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 55 кишиге жетти
Саламаттыкты сактоо министрлигинен саат 18:00гө карата куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 55 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдашты. Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар. Жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и бала. 1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 23 жабырлануучу; 2. ЖДПБ Лейлек - 22 жабырлануучу; 3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу; 4. Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу; 5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.