Abank
SerepTV Logo

Чек арадагы атышууда Достук айылынын 15 жаштагы тургуну окко учканы маалымдалууда

Чек арадагы атышууда Достук айылынын 15 жаштагы тургуну окко учканы маалымдалууда
Баткендеги чек ара жаңжалында 15 жаштагы кызга снаряддын сыныгы тийип каза болду. "Спутник" агенттиги маалыматты каза болгон кыздын атасына шилтеме берип, жазышты. "Маркум Элзада Маннанова айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда ага тажиктер тараптан атылган снаряддын сыныгы тийген. Анын сөөгү Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылында жерге берилген",- деп айтылат маалыматта.