Abank
SerepTV Logo

Чек арада каза болгон чек арачы Арыстаналы уулу Асатбектин ысымы Көк-Серектеги көчөгө ыйгарылды

Чек арада каза болгон чек арачы Арыстаналы уулу Асатбектин ысымы Көк-Серектеги көчөгө ыйгарылды
2022-жылдын сентябрь айындагы чек арадагы окуяда каза болгон жоокер Арыстаналы уулу Асатбектин ысымы Көк-Серек айыл аймагынын Теңги айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды. Арыстаналы уулу Асатбек атындагы көчөнүн ачылуу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, 2030 аскер бөлүгүнүн командири, айыл өкмөт башчысы, Көк-Серек чек ара заставасынын жоокерлери, жергиликтүү тургундар жана маркумдун жакын туугандары, классташтары катышты. Иш-чарада Арыстаналы уулу Асатбектин өмүр баяны, көрсөткөнкөн эрдиги окулуп, жетекчилер жана ата-энеси тарабынан эскерүү сөздөрү айтылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="152914,152915,152916"]