Abank
SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Тажик тарап Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады"

Чек ара кызматы: "Тажик тарап Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады"
Бүгүн, 16-сентябрь саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. "Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда", - деп айтылат маалыматта.