Abank
SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Тажик тарап 5 мүнөткө Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарды"

Чек ара кызматы: "Тажик тарап 5 мүнөткө Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарды"
17-сентябрь саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган. Саат 8:55те аткылоо токтотулду. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.