Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында турган унаалар боюнча маалымат берди
УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 24-августта саат 12:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталганын маалымдады:
- “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында - 379 унаа;
- "Чалдыбар-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында - 73 унаа;
- "Кең-Булуң-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында - 89 унаа;
- "Чоң-Капка-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында - 73 унаа.
Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.