Abank
SerepTV Logo

Чек ара кызматы Интернационал айылынын ыйлап президентке кайрылган аялдарына жооп берди

Чек ара кызматы Интернационал айылынын ыйлап президентке кайрылган аялдарына жооп берди
Буга чейин социалдык тармактарда Лейлек районундагы Интернационал айылынын аялдарынын ыйлап, Садыр Жапаровго кайрылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/leilektegi-internaczional-aiylynyn-ayaldary-sadyr-japarovgo-kairyldy-video/"> видеосу тараган. Видео боюнча УКМКнын Чек ара кызматынан үн катышты. "Чек ара кызматы чек ара аймактарынын чек ара коопсуздугун бекемдөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп келет. Учурда УКМКнын Лейлек районунун аймагында жайгашкан бөлүмчөлөрү мамлекеттик чек араны кайтаруу кызматын күчөтүлгөн режимде улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү кезектеги жолугушууларды өткөрүп турушат, анда №42 протоколдун пункттарын ишке ашыруунун тартиби каралат. Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Тажикстандын куралдуу агрессиясы учурунда талкаланган турак жайларды, Кыргызстандын чек арага жакын аймактарынын социалдык инфраструктурасын калыбына келтирүү, курман болгондорго жана үй-бүлөлөргө финансылык жана укуктук колдоо көрсөтүү боюнча конкреттүү чараларды көрүп жатышат",- деп айтылат маалыматта.