"Чачы түшүп, таанылгыс болуп калган". Ошто каналдан жансыз денеси табылган аялдын жакындары изделип жатат (сүрөт)
Ушул жылдын 16-август күнү Ош шаарындагы көпүрөнүн алдынан болжол менен 40-45 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, анын улуту таанылгыс болуп калган.
Кийген кийими: кыска түстөгү футболка, кара шым, ак түстөгү ич кийим.
Белгилери: бою 160 сантиметр, чачы түшүп калган абалда. Башка өзгөчө белгилери жок.
Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Аялдын аты-жөнүн тактоо үчүн милиция коомчулуктан жардам сурайт. Номурлар: 0553 33 33 04, 0501 11 11 31, 0777 26 24 17.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="144809,144810"]