Быйыл ажылык сапарга баруу 3750 доллар болот. Акчаны 4-мартка чейин төлөп бүтүү керек
2024-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3 миң 750 долларды түздү. Төлөмдөр 27-февралдан 4-мартка чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
"Ажыга барууга 2 миң долларды төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка (4-мартты кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин калган 1750 долларды төлөшү керек", - дешти.
Былтыр ажылык сапар 3900 доллар" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/byiyl-ajylyk-saparga-baruu-3900-dollar-bolot-akchany-18-aprelge-cheiin-tolop-bytyy-kerek/"> болгон. Ал эми мурдагы жылы 4500 доллар болгон.