Abank
SerepTV Logo

Бүгүнтөн баштап кыргыз-тажик чек арасын жарылбай калган снаряддардан тазалоо иштери жүрөт

Бүгүнтөн баштап кыргыз-тажик чек арасын жарылбай калган снаряддардан тазалоо иштери жүрөт

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде 20-сентябрдан тартып чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Тазалоо, залалсыздандыруу иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат. Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.

Буга байланыштуу Чек ара кызматы чек арага чектеш айылдын тургундарын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана маалыматтарды чек ара бөлүктөрүнөн же жергиликтүү бийликтен тактоону суранат.