Бүгүн Садыр Жапаров футбол ойнойт. Турнирге катышкан жетекчилердин аралыктан иштей турганы маалым болду
Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” салттуу футболдук турнири өтөт.
Тайпалардагы оюндар эки жерде өтөт:
- “А” жана “В” тайпасындагы командалар “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде ойношот.
- “С” жана “D” тайпасындагы командалар Кожомкул атындагы спорт ордосунда ойношот.
"Бул турнирге катышып жаткан жетекчилер үчүн иш-чара өтүүчү жерлерде оюндар ортосунда аралыктан иштөө шарттары түзүлдү", - деди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.