Бүгүн Бишкектеги мектептерде түштөн кийин окугандар жана эртең бардык мектеп окуучулары онлайн режимде окушат
Бүгүн, 26-январда эртең мененки сменде окуган окуучулар кадимки режимде окуйт, ал эми түштөн кийин окугандар жана эртең, 27-январда бардык мектеп окуучулары онлайн режимде окушат. Бишкек ШИИБдин катында белгиленгендей, 26-27-январда борбордук жолдор жарым-жартылай жабылат.
Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана балдардын караңгыда болушуна жол бербөө максатында дал ушундай графикке өткөрүлөт.
Буга чейин Кыргызстанга Өзбекстандын президентинин келери маалым болгон.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/01/285973_w_h500_1674664654_r.jpg" alt="" width="350" height="500" />