Abank
SerepTV Logo

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт. Ага 1100 бала чакырылган

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт. Ага 1100 бала чакырылган

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.