Royal
SerepTV Logo

Бүгүн Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты

Бүгүн Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты
Борбор калаада кошумча 50 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. "Бул ишкана тарабынан каттамдагы аралыкты 7-8 мүнөт камсыз кылуу жана сактоо максатында жасалат. Ыкчам маалымат боюнча, 13-декабрга карата Бишкек шаарында 450 автобус жана 115 троллейбус каттап жатат. Айдоочулар үчүн квалификациялык талаптар сакталган. Бир жуманын ичинде 60тан ашык автобусту чыгаруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.