Abank
SerepTV Logo

Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт түнкү саат 1ге чейин иштейт

Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт түнкү саат 1ге чейин иштейт

Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте коомдук транспорт саат 01:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитет кечинде "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт уюштурулуп, түн жарымга жакын аяктай турганын эскертти.

1-сентябрдан тарта бардык шаардык коомдук транспорт кадимки режимге кайтат.