Abank
SerepTV Logo

Бүгүн Бишкекте башкы балатынын чырагы жандырылат

Бүгүн Бишкекте башкы балатынын чырагы жандырылат
Бүгүн, 16-декабрда саат 18:30да Бишкекте башкы балатынын чырагы жандырылат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Быйыл балаты "Ала-Тоо" аянтындагы чоң фонтандын ордуна орнотулду. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, алкагына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилди. Балатыны кооздоо үчүн 7,5 миң оюнчук, 8 чакырымдык светодиоддук гирляндалар, 2 чакырымдык лампа гирляндалары, айнек формасындагы металл конструкцияларды кооздоо үчүн 2,3 чакырымдык сары дюралант сатып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/meriya-olkonyn-bashky-balatysy-7-min-500-oyunchuk-menen-koozdolot/">сатып алынды. Балаты 28-ноябрда орнотула башталган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-ala-too-ayantyna-balaty-ornotula-bashtady-syrot/">башталган.