Бүгүн Бишкекте Аялдардын тилектештик маршы болуп өттү (сүрөт)
8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо үчүн тынчтык жөө жүрүш өттү. Спорт сарайынын жанына 200дөй адам чогулду.
Иш-чара ошол жерден башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктады. Жүрүш учурунда акциянын катышуучуларына башка ыктыярчылар да кошулду.
Чогулгандар аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукка, куугунтукка, эрте турмушка чыгууга жана ала качууга каршы пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, алар теңдикти, жумушта гендердик теңчиликти, сөз эркиндигин жана балдарга билим берүүнү талап кылышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="167813,167814,167815,167816,167817,167818"]